"Эрежелерди жаттап алыш оорбу?". Президент айдоочулук күбөлүк алчуларга кайрылды
RU

"Эрежелерди жаттап алыш оорбу?". Президент айдоочулук күбөлүк алчуларга кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Унаа" агенттигинин жетекчиси жана 10дой кызматкеринин коррупцияга шектелип кармалганы боюнча комментарий берип, айдоочулук күбөлүк алчуларга кайрылды.

Өлкө башчы "Кабар" агенттигине азыркы убакта 30 жылдан бери айдоочулук күбөлүк сатып алгандар жашап жатканын айтты.

"Авариялардан жылына Кыргызстанда жүздөгөн адамдар каза болууда. Он миңден ашык адам жабыркаган. Анын бир нече миңи майып болуп калды. Аларды өкмөт жөлөк пул берип багып жатат. Эгер мындан ары деле айдоочулук күбөлүк сатыла берсе, анда бул сандар өсө берет.

2020-жылы күбөлүк сатып алган уул-кыздарыбыз бүгүн араң 24тө. 50-60 жылдан кийин 74-84кө чыгат, туурабы? Эгер азыр токтотпосок, 100 жылдан кийин да күбөлүк сатып алып, машина айдап жүргөндөрдөн тазалана албайбыз.

Ошондуктан учурдан пайдаланып, бүткүл кыргызстандыктарга, айрыкча жаштарыбызга кайрылып кетет элем. Айдоочулук күбөлүктү сатып алам деген ойдон кайтыңыздарчы. Эрежелерди жаттап алыш оорчулук жаратабы?

Жөн гана моюн жар бербегендик деп ойлойм. Жаттап, баарын билип алсаңар, өзүңөргө жакшы эмеспи. Кыргызстанда эле эмес, дүйнөнүн кайсы өлкөсүндө болсо да, эркин айдап жүрөсүңөр да", - дейт президент.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17515