Көлдө судья ортомчусу аркылуу пара алганга шектелди
RU

Көлдө судья ортомчусу аркылуу пара алганга шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрагасы опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул туурасында УКМК тараткан маалыматта айтылат.

Мамлекеттик комитеттен билдиришкендей, 3000 доллар опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрагасы А.Г.Н. 27-сентябрда кармалды.

"Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында судья аталган каражатты өзүнүн ортомчусу аркылуу алып жаткан жеринен кармалып, жеке тинтүү жүргүзүү учурунда 2500 доллар акча каражаты, калган 500 доллар ортомчудан алынган", - деп айтылат кабарда.

28-сентябрда Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде судья А.Г.Н. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан 2024-жылдын 17-ноябрына чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Учурда УКМК тарабынан башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17519