Жогорку Соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлиги сунушталды
RU

Жогорку Соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлиги сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Судьялар кеңеши Кыргызстандын Жогорку Сотунун төрагалыгына Сатыев Медербек Асанбековичтин талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу аталган кеңештен билдиришти.

Бүгүн, 22-октябрда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жыйынында Жогорку Сотунун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлиги каралып, Судьялар кеңешинин мүчөлөрү анын кандидатурасын бир добуштан колдошту.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши 9-октябрдагы отурумунда Базарбековдун өз арызы боюнча ээлеген кызматынан бошотуу жана судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арызын карап, жактырган.

10-октябрда Жогорку Соттун төрагасынын отставкасы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

11-октябрда Садыр Жапаров Жогорку Соттун жетекчисин кызматтан алуу боюнча жарлыкка кол койгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17762