Айгүл Жапарова Анкарадан Эмине Эрдоган менен жолукту. Биринчи айымдардын сүрөттөрүн көрөлү
Бүгүн, 10-июнда Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапары уланууда.
Кыргызстандын президентин анын жубайы, биринчи айым Айгүл Жапарова да коштоп барган. Белгилей кетсек, бул анын биринчи айым статусунда чет өлкөгө болгон биринчи расмий иш сапары.
Жолугушуу аземинен кийин Жапаровдор Анкара шаарында өтүп жаткан Чынгыз Айтматов атындагы IV Эл аралык Ысык-Көл форумуна барышты. Айгүл Жапарова кыргыз жазуучусунун чыгармачылыгына арналган көргөзмөгө Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган менен бирге катышты.
Бул иш чарага Айгүл Жапарова улуттук стилдеги көйнөк кийип, белине белдемчи тагынган.
Иш чарадан кийин Эмине Эрдоган жолугушуудагы сүрөтү менен өзүнүн Twitter'деги баракчасына бөлүшкөн.
"Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарованы коноктогонума аябай кубанычтамын. Ал биздин өлкөгө расмий иш сапары менен келген. Бул иш сапар биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы ынтымакты бекемдейт деп ишенем", - деп Эмине Эрдоган жазган.
Ülkemize resmi ziyarette bulunan Kırgızistan Cumhurbaşkanı Sadyr Japarov"un kıymetli eşi Aigul Japarova"yı misafir etmekten büyük mutluluk duydum. Bu ziyaretin ülkelerimiz arasındaki dostluğu pekiştireceğine inanıyorum. pic.twitter.com/oHeVvHBxju
— Emine Erdoğan (@EmineErdogan) June 9, 2021