Камчыбек Ташиев: Биз 6 миллиарддын ордун толуктадык. Тарыхта мындай биринчи жолу болду
1782
Акыркы жарым жылда УКМК коррупция менен күрөшүүнүн алкагында кызматтагы 32 аткаминерлерди жоопкерчиликке тартты. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда, пресс-конференция учурунда, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
"32 кызматтагы аткаминерлер жоопкерчиликке тартылды, мамлекетке 26 миллиард сом зыян келтирилгени аныкталды, анын ичинен 6 миллиарддын орду толукталды. Биз жарым жылда 6 млрд сомду калыбына келтирдик. Укук коргоочу органдардын тарыхында биринчи жолу ушундай көрүнуш болуп жатат. Мен салыштырып айтайын, өткөн жылы 10 айда болгону 10 миллион сом мамлекетке кайтарылган болчу", - деди ал.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://uyat.kaktus.media/2470