13-14-июль күндөрү тоо этектериндеги райондордо нөшөрлүү жаан жаап сел жүрүшү мүмкүн
Шашылыш билдирүү!!!
2021-жылдын 13-14-июль күндөрү республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Мындай маалыматты ӨКМдин басма-сөз кызматы таратты.
Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, -күн күркүрөшү, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы Чүй облусунун өрөөнүндө 29…34°, Талас өрөөнүндө 27…32°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 28…33°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 20…25°, тоолуу райондордо 5…10° жылуу болушу күтүлөт.