Япония Кыргызстанга Бишкек-Ош жолун кар күрткүсүнөн коргоо үчүн 766 миллион сом берет
Япония өкмөтү Бишкек-Ош жолун кар күрткүсүнөн коргоо долбоорунун алкагында Кыргызстанга 766,3 миллион сом бекер жардам берет. Бул тууралуу Япониянын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат жана маданият бөлүмү билдирди.
Бүгүн, 24-декабрда Бишкекте Япониянын Кыргызстандагы элчиси Маэда Шигеки жана Кыргыз Республикасынын каржы министри Алмаз Бакетаев тиешелүү долбоорду ишке ашыруу үчүн гранттык келишимге кол коюшту.
Бишкек-Ош жолунда кардын көчкүсү көрүү мүмкүнчүлүгүн начарлатып, тыгындарды жаратып, жолдо кырсыктардын коркунучун күчөтөт. Бул долбоор кар күрткүлөрүнөн коргоо, кыш мезгилинде кар күзөттөрүн орнотуу жана жол белгилерди коюу аркылуу коопсуз жана тоскоолдуксуз жол кыймылын камсыз кылууга багытталган.
Япония тарап республиканын маанилүү транспорттук артериясы боюнча жол катнашынын коопсуздугун жогорулатуу ички жана эл аралык транспорттук байланыштардагы үзгүлтүктөрдү кыскартууга оң таасирин тийгизет деген ишенимин билдирет.