Президент Баку шаарында эмне үчүн көз айнек тагынып жүргөнүн түшүндүрдү
4046
Президент Садыр Жапаров 19-20-апрелде Азербайжандын Баку шаарына иш сапары менен барган. Расмий жолугушуулар учурунда ал көз айнегин тагып алып жаткан болчу. Бул көпчүлүктүн суроолорун жаратты.
Президент "Кабар" агенттигине берген маегинде анын себебин түшүндүрдү.
"Бир жарым жылдан бери күнү-түнү тынбай кагаз, компьютер карай берип көзүм бузулду. Компьютерди көз айнексиз карасам тумандап же компьютердин бети чагылышып турат. Көз айнек менен карасам компьютердин бети чагылышпай даана көрүнөт. Ошол үчүн көз айнек тагынам", - деди президент.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://uyat.kaktus.media/6471