Бүтүрүүчүлөрдүн адаттагыдай эмес, өзгөчө бийи. Видео, сүрөт
4657
Бүгүн, 9-июнда өлкөнүн бардык мектептеринде акыркы коңгуроо кагылды. Акыркы коңгуроо биринчи жолу 25-майда эмес, 9-июнда кагылып жатат.
Шаар бийлигинин маалыматы боюнча, быйылкы окуу жылында 9-классты 14 миң 257, 11-классты 8 миң 233 окуучу аяктап жатат.
Бүгүн бардык мектептерде салтанаттуу линия саат 09:00дө башталды.
No24 гимназиянын бүтүрүүчүлөрү адаттагыдай эмес, башкача бийлеп чыгышкан.
Мэрия мектептерде акыркы коңгуроо майрамына карата кафе-ресторандарда иш-чараларды өткөрүүгө, сейил бактарда сейилдөөгө, жаратылышка, суу сактагычтарга саякаттоого катуу тыюу салынганын эскертти.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://uyat.kaktus.media/7003