Курсагынан кирип, белинен чыккан. Баткенде 8 жаштагы балага аскер кызматкери ок аткан
Баткенде 8 жаштагы бала октон жаракат алып ооруканага түштү. Ага операция жасалганын Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Белгилүү болгондой, 7-августта Баткен облусттук аймактык ооруканасына 2014-жылы туулган бала жаракат алып кайрылган. Оорукананын травматологу Икрамидин Зулпукаровдун айтымында, Калашников үлгүсүндөгү автоматтын огу баланын курсагынын өйдө тарабынан кирип, белинен чыгып кеткен.
"Өспүрүм бейтапкананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, эс-учун жоготкон жок. Травматолог жана хирургдардан түзүлгөн консилиумдун чечимине ылайык, балага алгачкы операция жасалды. Алдыда хирургдар диагностикалык операция жасоого камынышууда", - деди Зулпукаров.
Ал эми Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан окуучуга аскер кызматкери ок атканын тастыкташты. Учурда бул факты боюнча Аскер прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүп жатканы белгилүү болду.