Баткенде изделип жаткан жоокер Жамал Тойчиев барымтага алынган
3360
Баткендин Бужум айылында аскердик милдетин өтөп жатып дайынсыз болгон Жамал Тойчиев аман-эсен табылды. Ал тажик тарап барымтага алган 4 аскердин катарында болгон. Бул туурасында УКМКдан тастыкташты.
Кечээ, 19-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев укук коргоо органдарынын жана облустук бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Тажикстандын аймагында болуп, барымтага алынган 4 аскерди алып келген.
Өлкөгө кайткан аскерлердин арасында буга чейин туугандары издеп жаткан "Бөрү" атайын отрядынын жоокери Жамал Тойчиев бар.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://uyat.kaktus.media/8520