19 жаштагы жоокер тажиктер жардырган чек ара заставасында болгон. Ал жакында үйүнө кайтмак
Тажикстандын куралдуу кол салуусунан каза тапкандардын катарында 19 жаштагы Айдарбек Айбеков да бар. Ал Токтогул районунун кулуну, мектепти аяктары менен эле аскердик милдетин өтөөгө кеткен. Жакын арада кызматын өтөп бүтүп, үйгө кайтмак дейт жоокердин бир тууганы Акжибек Айбекова.
Айдарбек өз ыктыяры менен Баткен облусунда аскердик милдетин өтөп жаткан.
"Иним 2021-жылдын 8-сентябрында кызмат өтөөгө кеткен, жакынкы арада келмек... Куралдуу кагылыш башталганда Ак-Сай заставасында болгон. Угушубуз боюнча, тажик аскерлери заставаны жардырышкан. Ошол учурда иним заставанын ичинде болгон экен. Жаракатын сөз менен жеткире албайбыз. Сөөгүн 19-сентябрда жерге бердик", - дейт ыйлап.
Айдарбек Айбеков атуулдук милдетин өтөп келгенден кийин аскердик окуу жайга тапшырууну тилек кылып жүрүптүр.
"Армиядан келгенден кийин аскердик тармакта билим алып, ушул жаатта кызмат кылууну тилек кылып жүргөн. Иним сөзүнө так, эч кимге зыяны жок, иштин майын чыгарган, тууган, дос-тамырлары менен жакшы мамилени сактаган жигит болчу. Барыбыз кайгырып отурабыз", - дейт мекен үчүн жан берген жоокердин бир тууганы.
Айдарбек Айбеков 2003-жылы Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылында туулган. Үй-бүлөдө 7 бир туугандын бешинчиси (3 эжеси, 1 агасы, 2 иниси бар) болчу.
Kaktus.kg сайты Айдарбек Айбековдун каза болгонуна байланыштуу жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.