Унаа менен кошо аял-күйөө күйүп кетти. Таластагы үрөй учурган жол кырсыгынан видео
RU

Унаа менен кошо аял-күйөө күйүп кетти. Таластагы үрөй учурган жол кырсыгынан видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таласта унаа менен кошо аял-күйөө күйүп кетти. Үрөй учурган жол кырсыгы 19-октябрда Боо-Терек айылынын кире беришинде катталды. Бул туурасында Талас ОИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашат.

Маалым болгондой, Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунун 158-чакырымында Daewoo Nexia унаасы жол четиндеги дарактарды сүзүп, унаа толугу менен күйүп кеткен. Унаанын ичинен 2 адамдын жансыз денеси табылган.

"Текшерүү учурунда айдоочу Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынын 1957-жылы туулган Б.К. аттуу тургуну, ал эми жанындагы жүргүнчүсү анын жубайы 1963-жылы туулган Ж.К. экени такталды. Учурда аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүүдө", -дешет маалымат кызматынан.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/8944