Көчмөндөр оюндарына катыша турган көк бөрүчүлөрдүн курамы толукталды
RU

Көчмөндөр оюндарына катыша турган көк бөрүчүлөрдүн курамы толукталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган Кыргызстандын көк бөрү жана жер улак командаларынын курамы толукталды. Бул туурасында Көк бөрү федерациясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, уюштуруучулардын талабына ылайык Кыргызстандын көк бөрү жана жер улак (кокпар) боюнча курама командасына дагы алты оюнчу кошулду.

"Буга чейин уюштуруучулар бир оюнчу көк бөрүгө ошол эле учурда жер улакка ойноого укугу бардыгын расмий айтышкан. Ушундан улам Кыргызстан эки спорттун түрүнө жалпысынан 18 оюнчуну дайындап жаткан. Мындан бир нече күн мурун Казакстан тарап Кыргызстан үчүн жогорудагыдай жобону жокко чыгарып, бир оюнчу эки спорттун түрүнө катышууга болбой турганын билдиришти", - дешет федерациядан.

Жаңы жобого ылайык, Кыргызстан көк бөрү менен жер улакка өз-өзүнчө спортчуларды алып бармай болду.

Белгилесек, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-13-сентябрда Казакстандын Астана шаарында өтөт. Ага Кыргызстандан катыша турган улуттук курама командага 18 оюнчу кирген болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16842